"Джи Эл Макмал Девелопинг”: “WatsAp”та компанияга каршы чакырыктар таратылууда

12 февраля 2018 16:04 1501 Barometr
Поделиться в:
ok

Тогуз-Торо районундагы алтын иштетүүчү фабриканы куруп жаткан «Джи Эл Макмал Девелопинг» жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директору Адил Кайбалиев Barometr.kgге компания мындан ары кандай иштери тууралуу пикирин билдирди.

Белгилей кетсек, 7-февралда Тогуз-Торо районунун жергиликтүү тургундары алтын фабрикасынын курулушун токтотуу талаптары менен митингге чыгышкан.

Нааразылык акциясынын катышуучуларынын пикиринде фабрика болочокто экологияга зыян алып келиши ыктымал. Митингден кийин фабриканын курулушун токтотушкан.

Компания башчысынын айтымында, “митингге чыккандарды атайлап эле адашууга түртүп жатышат жана алтын алуучу фабрика ишке кирген учурда экологияга эч кандай зыян алып келбейт”.

“Концентраттан алтын алган учурда биз цианид колдонбойбуз, күйгүзүү технологиясы дагы колдонулбайт. Болгону 300-400 градустук төмөнкү температурада кычкылдандырууну колдонобуз. Мындай тажрыйба дүйнө жүзүндө коопсуз делип эсептелет”,-деп түшүндүрдү компаниянын башчысы.

Кайбалиев алтын алуучу фабриканын курулушу башталганга чейин компаниянын өкүлдөрү жергиликтүү администрация менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн айтты. 

​"Биз элге кандай иштерибизди, фабрика жергиликтүү бюджетке жана дегеле аймакка кандай пайда алып келерин маалымдадык. Биз өз кезегинде өзүбүзгө алган баардык милдеттерди аткарабыз. Жумушчу орундар түзүлгөн, курулуп жаткан объектиде 200 адам иштеп жаткан, ал эми алтын алуучу фабрика ишке кирип калса жыл сайын жергиликтүу бюджетке 41 млн сомго жакын салык түшөт. Биздин иш алып барып жаткан социалдык пакетибиз да бар. Негизинен туз казып алуу боюнча долбоорго инвестиция салганбыз”,-деп айтты Кайбалиев.

Ал митингдин артында элди адаштырып жаткан уюшкан топ турушу ыктымалдыгын да жокко чыгарбасын айтты.

​"Митингде кайтарууга алынган объектке өздөрүн агрессивдүү алып жүргөн 200дөй адам кирип келишип баарын талкалап салышарын айтышты. Мен алар менен жолугуп, экологиянын нормалары бузулбаш үчүн кандай чаралар колдонуларын, кандай иштерибизди айтып түшүндүрдүм. Бул адамдардын көбү ишти көргөндөн кийин фабрика боюнча пикирлерин өзгөртүштү”,-деп белгиледеи Кайбалиев.

Ал митингден кийин да кээ бир адамдар тарабынан провокациялар уланып жатканын кошумчалады.  

"Мисалга алсак, WatsAp аркылуу алтын алуучу фабриканы өрттөп, талкалап салууга чакырган кабарламалар таратылган”,-деп нааразы болду Кайбалиев.

Белгилей кетсек, алтын алуучу фабриканы 6-7 айдан бери куруп жатышат, бирок бул арада эл нааразы болгон эмес, бирок объектинин бүтөрүнө саналуу гана күндөр калганда жергиликтүу калк нааразы болуп чыкты.

Кайбалиев фабриканы оң жыйынтыктагы экспертиза берилгенде гана ишке киргизишерин баса белгилеп өттү. 

"Ишкананы ишке киргизүү тууралуу айтууга али эрте, биз курулуш иштерин аякташыбыз керек. Азыр объектидеги иштер токтотулду, кызматкерлер белгисиз мөөнөткө эс алууга кетишти”,-деп белгиледи компаниянын башчысы. 

Алтын фабрикасынын курулушу боюнча долбоордун техникалык-экономикалык негиздемелерине ылайык, ишке киргенден кийин ишкана концентратты гана кайра иштетип чыгуусу пландалган болчу.

Алтын алуучу фабриканы ишке киргизгенден кийин жез концентарттарды Кыргызстандын аймагынан ташып чыгарышпайт деп күтүлүп жаткан. Азыркы тапта Талды-Булак Левобережный, Бозымчак жана башка кендер концентраттарды Казакстанга чыгарууга мажбур болуп жатышат.   

Фабриканы колдонуу мөөнөтү 8 жыл. Фабрикадан алтын, күмүш жана жез куймаларды чыгарууну пландашкан.

Алтын алуучу фабрика Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районундагы  «Макмалалтын»  комбинатынын аймагында курулуп жатат. 

Инвестициянын жалпы суммасы 30 млн долларды түзөт. Алтын алуучу фабриканын курулушунун биринчи баскычында бул суммадан 10 млн долларды инвестициялашкан.

Эл аралык келишимдерге ылайык, өкмөт Кыргызстандын аймагындагы долбоорлорго  салынган инвестицияларды коргоону камсыз кылууга милдеттүү. Мындай болбогон учурда инвесторлор эл аралык арбитражга доо арыз берүүгө укуктуу.

Ссылка: https://barometr.kg/content11606



Добавить комментарий