Америкадагы Айова штатынын айрым шаарларын торнадо талкалап кетти

20 июль 2018 19:20 1680 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Американын Айова штатын  торнадо талкалап кетти. Бул тууралуу De Moines Register агенттигинен билдирет. Маалыматтарга караганда Пелла шаарында бир канча имараттарды кулатып, ал жакта иштеп жаткан жумушчулардан дагы жаракат алгандар болгон. Аларды жакынкы бейтапканалардын бирине жаткырышты. Ал эми Маршалтаунда жашаган калкты куткаруу иштери алдын ала жүргүзүлдү. Ошентсе дагы шаардагы тарыхый имараттардын айрымдарын шамал кулатып салган. Мындан башка шаардагы бейтапканалардын бирине да залалы тийген. Андагы ооруп жаткандарды башка ооруканага которушту. 

Ссылка: https://barometr.kg/amerikadagy-ajova-shtatynyn-ajyrm-shaarlaryn-tornado-talkalap-ketti



Добавить комментарий