Өзүңүздү жакшы жакка өзгөртүүнүн үч жолу
1. Өзүңүздү алдабаңыз
Чылым чегүүдөн арылуу, чеккен адам үчүн оңой болбойт. Мисалга, өзүңүздү алдап бир күн бою чылым чекпей коюуга эркиңиз жетпейт. Ошол сыяктуу жаман адаттардан арылуу дагы оңой эмес.
Эгерде сиз чындап эле өзүңүздү өзгөрткүңүз келсе, анда оюңуз 98 пайыз ишке ашат деген ойдон алыс болуңуз. Бардык нерсе өз убактысы жана орду менен аткарылышы керек. Антпесе, бардыгын аткарам деп бардык энергияңызды коротуп аласыз.
2. Жашооңузду өзгөртүү үчүн, жок дегенде анын бир бөлүгүн өзгөртүңүз
Адамдын ою чачыранды болсо, анда ал бир ишти аткарып, жыйынтык чыгарышы кыйын болот. Күнүмдүк убактыңызды туура пайдаланууга үйрөнүңүз. Мисалга, өзүңүздөн сураңыз: “Мен жок дегенде бир пайыз физикалык, эмоционалдык жана психологиялык жактан өзгөрдүмбү?”,- деп. Сиз жакшы жакка өзгөргөн сайын, аны жакшыртууга андан да көп умтуласыз. Канчалык көп билсеңиз, андан да көп билүүгө аракеттенесиз.
3. Ар күнү туура чечим кабыл алыңыз
Негизги маселе биз-бир нерсени аткарып жатканда, анын батыраак бүтүп, бир жыйынтык болушун күтөбүз. Бул туура эмес. Ансыз да убакты-сааты чыкмай сайын, ал ишиңиз бүтпөйт. Ошондуктан эч качан шашып чечим чыгарбаңыз.
Ссылка: https://barometr.kg/zzd-zhakshy-zhakka-zgrtnn-ch-zholu
Добавить комментарий ×