Кылыч Султановдон Зууракан Каденова тууралуу жаңжал салбоону Ак үйдөн талап кылышкан
Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденованын мас абалда жаңжал салганы боюнча маалыматты чыгарбоо үчүн Кореядагы элчиликке Ак үйдөн чалуу болгон. Бул тууралуу Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан бүгүн, 24-сентябрда маалымат жыйынында билдирди.
“Элчиликке телефон чалуу болгон. Президент же анын аппарат башчысы эмес, катардагы бир кызматкер чалган. Мен анын аты жөнүн унутуп жатам. Элчилик кызматкерлери мага келип, Ак үйдөн коңгуроо болгонун билдиришти. Мен ага макул болгон жокмун. Анткени бул маалымат депутат аркылуу коомчулукка чыгып кеткен болчу. Кийин элдин баары аны талкуулап жатканда элчилик үн катпай туруп алганы туура болмок эмес”, - деди Кылычбек Султан.
Элчи окуяга кайрылып, ал күнү учакта Зууракан Каденованын мас абалда болгонун, ал жерге полиция кызматкерлери да келгенин билдирди.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан учурда маалымат жыйын өткөрүүдө.
Добавить комментарий ×