Зордуктоо кылмышын жашырам деп пара алганы жаткан прокурордун орун басары кармалды

18 октября 2019 10:47 1144 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көлдө зордуктоого шектелген жарандын кылмышын жабуу максатта пара алган Жети-Өгүз районунун прокурорунун орун басары Н.А. колго түштү. Бул тууралуу жергиликтүү күч органдары маалымат каражаттарына билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча прокурордун орун басары 1000 (бир миң) АКШ доллар өлчөмүндө пара алды деп шектелип, 16-октябрда кармалган.

Кармалгандан кийин шектүүнү соттон баш коргоо чарасын аныктоо үчүн Бишкекке алып кетишкен. Шектелип кармалган Н.А. бул кызматка бир жыл мурда дайындалган.

Ссылка: https://barometr.kg/zorduktoo-kylmyshyn-zhashyram-dep-para-algany-zhatkan-prokurordun-orun-basary-karmaldy



Добавить комментарий