Зордукталган 14 жаштагы кыз 41 жаштагы зордукчунун кое берилгенин укканда уксус ичти
Зомбулукка учурап, боюнда болуп калган 14 жаштагы кыз күнөөлүүнү сот залынан кое бергенде уксус ичип, өз жанын кыйууга аракет жасады. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык 2019-жылдын 4-июнунда Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБге жана Токмок шаардык ИИБге аймактык оорууканадан 2004-жылы туулган А. Ж., аттуу өспүрүм кыздын боюнда бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Бул маалымат боюнча кылмыш иши козголуп, 41 жаштагы К. М., аттуу Токмок шаарынын жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга жеткирилген. 9-июнда райондук сот шаардан чыкпоо чечимин кабыл алып, ал кое берилген.
Ушул күнү анын бошотулганын уккан кыз уксус ичип, жанын кыйууга аракет кылган. Аны Токмок шаарынын аймактык ооруканасына жеткиришкен.
Зомбулукка учураган кыздын алдын-ала айтуусу боюнча 2018-жылы Токмок шаарынын бир батиринде кыз зордукталып, боюнда болуп калган.
Учурда абал боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп, экспертиза жасалууда. Бул материал боюнча тергөөгө чейинки иш-чаралар жасалып жатат.
Кыздын апасынын милиция кызматкерлери күнөөкөрдү кое берди деген айыптоолор чындыкка дал келбейт.
Добавить комментарий ×