Өзүнө ишенген адамдар убактысын коротпой турган 4 нерсе

26 октября 2021 17:43 2099 Barometr
Поделиться в:
ok

Адамдардын өзүнө карата ишенимдүүлүгү алардын өзүнө берген баасынан түздөн-түз көз каранды. Өзүнө ишенбеген адамдар жетишерлик жакшы эмесмин деп эсептешет жана башкаларга дайыма өзүн салыштыра беришет. Ал эми өзүнө ишеними өтө эле көп болгон адамдар адамдар менен тил табыша албайт жана өзүнүн кылып жаткан ишинин кесепеттери тууралуу ойлонбойт. Болгону өзүн адекватуу кабыл алган гана адам жашоосунда идеалдуу тең салмакты сактай алат. Мына ушулар чыныгы өзүнө ишенген адамдар.

Бүгүн barometr.kg психологдун кеңешине таянуу менен өзүнө адекваттуу баа бере алган адам эмнелерди жасабай турганын окурмандарга сунуштайт.

№1: Өзүн аяп жана актап отурбайт

Өзүнө ишенимдүү адам жолу болбой калса актанбайт. Алар жасаган ишине жана алынган жыйынтыктарга жоопкерчилик алганды билет. Ошондой эле жашоодо жолу болбогондуктун артынан жакшы күндөр келерин дагы унутпайт. 

№2: Өзгөрүүдөн коркпойт

Өзүнө ишенген адамдар болуп жаткан ар кандай өзгөрүштөрдөн коркпойт.Белгисиздик ага жаңы мүмкүндүктөрдү ачып бере турганына, өзүнүн дагы мыкты жагынан көрсөтүүгө мүмкүндүк берерине ишенет.     

№3: Өзгөртө албаган нерселер үчүн күчүн коротпойт

Өзүнө ишенген адамдар  өздөрү өзгөртө албаган нерселер учүн наалышпайт. Тагдырына кандай жазылган нерселер болсо ошону кабыл алат. Алар башка адамдар анын көзөмөлүндө эмес экенин мыкты түшүнүшөт. Маселеге карата өзүнүн мамилесин жана реакциясын гана талдап чыга алат.  

№4: Баарына жагам деп аракет кылбайт

Эң эле сулуу, эң эле туура иш жасаган, акылдуу, берилген, ишенимдүү жана ийгиликтүү, күчтүү жана башка толтура жакшы сапаттар бар эмеспи. Өзүнө ишенген адам башкаларга жагыш үчүн сулуу болом, башкалар үчүн күчтүү көрүнөм дебейт. Ал өзү үчүн гана жакшы иштерди жасайт.

Ссылка: https://barometr.kg/zn-ishengen-adamdar-ubaktysyn-korotpoj-turgan-4-nerse



Добавить комментарий