Зиядин Жамалдинов: "Ветинспекция 5 миң эшек терисин чыгарып кетүүгө уруксат бериптир"
Ветернария жана фитосанитария инспекциясы кытайдын бир компаниясына Торугарт өткөрмө жайы аркылуу 5 миң эшектин терисин 60 күндүн ичинде чыгарып кетүүсүнө уруксат бериптир. Эшектин териси бар да, эти жок, алар кайда жана кантип сатылып жатат? Көптөгөн жарандарыбыз ушуга тыңгылыктуу жооп алалбай жатат. Бул тууралуу депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди. «Мен бул маселени мурдагы дагы көтөргөм, Ветернария жана фитосанитария инспекциясы болбогон бир шылтоолорду айтып, жүйүлүү жооп бералган эмес. Эмне, эшектин терисин эмес, аны тирүүлөй алып чыгып кетүүгө уруксат берсе болбойбу? Менимче, булардын артында таасирлүү адамдар турат. Азыр колума документ тийди, анын укук коргоо органдарына тапшырам, иликтеп көрсүн», - деди депутат.
Добавить комментарий ×