Зилалиев: Көркөмдөлгөн роликте көрсөтүлгөн 1 млн доллар меники эмес

18 марта 2019 11:16 1426 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 18-мартта учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин абагында жаткан Дүйшөнбек Зилалиев ЖМК аркылуу өзүнүн кайрылуусун таратты. 

Анда Зилалиев “мыйзамсыз байлык топтоо” беренеси менен 4 айдан бери УКМКнын абагында камалып жатканын, мындай бүтүм туура эмес толтурулган киреше жөнүндө декларациядан улам келип чыкканын айтат.

 “Тергөө кооз роликте көрсөтүлгөн “мүлк жана акча меники, баардык мүлк жана акча кылмыш, коррупция жолу менен табылган” деп ырастоодо.Мен “мүлк жана акча меники эмес, ошондуктан бул жерде коррупция жөнүндө сөз да болбошу керек” деп ырастамакчымын”,-деп жазат Зилалиев.

Андан ары карай ал баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнүп, эгер мындай болбосо бул аракеттерге саясий мотивдеги камак деген баа берерин кошумчалайт.

“Сооронбай Шарипович, сизге Конституциянын гаранты катары кайрылып жатам. Бул ишке көңүл бурууңузду жана менин позициямды эске алуу менен объективдүү териштирүү жүргүзүүгө тапшырма берүүңүздү суранам. Сизге дагы бир ирет калп маалыматты берип жатышат”,-деп айтылат Зилалиевдин кайрылуусунда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/zilaliev-krkmdlgn-rolikte-krstlgn-1-mln-dollar-meniki-emes



Добавить комментарий