Жыргалаң капчыгайынан адашып кеткен Израилдик турист бир күндөн кийин табылды

14 сентября 2018 13:45 1118 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң капчыгайында адашып кеткен израилдик турист бир күндөн кийин табылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-сентябрь күнү түнкү саат 01:45 чамасында Жыргалаң капчыгайында Ш.М. аттуу турист (Израиль өлкөсүнүн жараны) адашып кеткен . Саат 03:00 чамасында КР ӨКМнын №7 өзүнчө мобилдик тоо-кен куткаруу взводунун 8 куткаруучусу жоголгон туристи издеп чыгышкан.  Саат 12:44 чамасында чет өлкөлүк турист куткаруучулар тарабынан табылып, Жыргалаң айылына алып келинген. Учурда туристтин абалы жакшы деп билдирет маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/zhyrgala-kapchygajynan-adashyp-ketken-izraildik-turist-bir-kndn-kijin-tabyldy



Добавить комментарий