Жылкыбаев Узарбек КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

25 июля 2018 20:40 1885 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Жылкыбаев Узарбек Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу КР өкмөтунүнүн аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү билдирди. 

Белгилей кетсек, Узарбек Жылкыбаев буга чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүн жетектеп келген. Аны бул кызматка Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турганда 2017-жылдын 17-мартында дайындаганы маалымдалган.
Ал эми Ош облусунун жетекчиси Таалайбек Сарыбашовду Ош шаардык кеңеши 18-июлда шаардын мэри кылып шайлаган.

Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалымат менен камсыздоо бөлүмү

Ссылка: https://barometr.kg/zhylkybaev-uzarbek-kr-kmtnn-osh-oblusundagy-yjgarym-ukuktuu-kl-bolup-dajyndaldy



Добавить комментарий