Жылдызкан Жолдошов кыргыз ишкерлерине акча чогултуп, ГЭС же комбинат курууну сунуштады
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошова кыргыз ишкерлерин 1000 доллардан чогултуп ГЭС курууга чакырды. Бул тууралуу саясатчынын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет
“Урматтуу Россияда , Казакстанда, Европада, Америкада талыкпай эмгектенип жүргөн кыргыздын күжүрмөн азаматтары!
Мен бир постумда жаздым эле, 1 миллион эмгеке жарамдуу мигранттар 1000 доллардан атайын эсеп ачып чогултсак, 1 миллиард доллар чогулат экен. 1 миллиард долларга Кумтөргө окшогон комбинат же Токтогул ГЭСиндей ГЭС куруп койсо болот.
Акция чыгарып, ар бир кыргызга бир акцияны 1000 доллардан сатсын. Акциялуу болобуз, өз күчүбүз менен өтө чоң ишкана курабыз. Кийин, дивиденд алабыз.
Мамлекет башчылыкка уурулар, коррупционерлер келип, Кыргызстан мамлекетине эч ким ишенбей калган. Инвестиция келбей жатат. Карыздарды төлөш керек. Ошондуктан, мамлекетти өзүбүз сактап калышыбыз керек”, - деп жазды саясатчы.
Добавить комментарий ×