Жыл башынан бери Салык кызматына 76 миңден ашуун салык төлөөчү кайрылган
2019-жылдын 11 айында Мамлекеттик салык кызматынын Маалымат борборуна актуалдуу салык маселелери боюнча кеңеш алуу үчүн 76 миң 200 жарандан кайрылуу келип түшкөн.
2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кайрылуулардын саны 20 миң 460 чалууга өскөн. Биринчи жарым жылдыкта чалгандардын 70 пайыздан ашууну бирдиктүү салык декларациясын толтуруу жана берүү тартиби боюнча болгон. Июль жана август айларында жарандар жер салыгынын, унаа жана кыймылсыз мүлк салыктарынын ставкаларын эсептөө, ошондой эле бюджетке салык төлөө жол-жоболору жана ыкмалары менен (кайсы мекемелер, терминалдар, мобилдик капчык ж. б. аркылуу) байланышкан суроолорду беришкен.
Август-сентябрь айларында 90%дан ашуун суроолор квалификациялуу электрондук кол тамганы пайдалануу менен электрондук түрдө салыктык отчетторун берүү, электрондук эсеп-фактураларды киргизүүнүн жана колдонуунун тартиби, электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоорго катышуунун техникалык жол-жоболору тууралуу болгон.
Жарандарды ошондой эле Салык кызматы тарабынан жарандарга көрсөтүлүүчү электрондук кызматтардын түрлөрү жана пайдалануу жол-жоболору салык жол-жоболорун фискалдаштыруу (электрондук патент, виртуалдык ККМ онлайн, электрондук эсеп-фактура), “Салык төлөөчүлөрдүн кабинети” ж.б. кызыктырды.
Эскерте кетсек, 1240 номери аркылуу сурап-билүү кызматынын негизги максаты – салык төлөөчүлөргө салык мыйзамдарынын ченемдерин түшүндүрүү жана колдонууда көмөктөшүү, салык кызматынын ишиндеги ар кандай маалыматтарды ыкчам берүү боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүү, ошондой эле, салык маселелери тууралуу жарандардын салыктык сабаттуулугун жана маалымдуулугун жогорулатуу болуп эсептелет.
Добавить комментарий ×