Жыл башынан бери Кыргызстанда бензин 2,5 сомго арзандаган

2 мая 2019 09:21 5541 Barometr
Поделиться в:
ok

2019-жылдын январь-апрель айларынын жыйынтыгы менен Кыргызстанда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу күйүүчү майлоочу баалардын чекене баасы арзандаган. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдер ассоциациясы кабарлады.  

Аталган маалыматка таянсак, жыл башынан бери бензин 2,5 сомго же болбосо 5,8 пайызга арзандаган, ал эми дизтопливанын баасы 1,5 сомго же болбосо 3,3 пайызга төмөндөгөн.

Бүгүн Бишкекте АИ-80 маркасындагы бензин 38,4 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 39,4 сом, ал эми АИ-95 маркасы 42,7 сом болууда. Дизтопливанын орточо баасы 44 сомду түзүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/zhyl-bashynan-beri-kyrgyzstanda-benzin-25-somgo-arzandagan



Добавить комментарий