Жыл башынан бери Баткенде 75 өрт кырсыгы катталды
Баткен облусунда өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 8,5 % га азайды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып «Барометр» билдирет.
Баткен облусу аймагында 2020–жылдын 6 ай ичинде Баткен облусунун аймагында 75 өрт кырсыгы катталып, андан келтирилген материалдык чыгымдын жалпы суммасы 6 млн 906 миң 431 сомду түздү.
«Катталган өрт кырсыктарынан 1 киши каза болуп, 1 жаран жабыр тартты. Өткөн жылы 82 өрт кырсыгы катталып, чыгымы 6 млн 894 миң 878 сомду түзгөн», - деп айтылат маалыматта.
Өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 8,5 % га, ал эми материалдык чыгымдардын суммасы 0,2% га азайган.
«Өрт өчүрүүчү – куткаруучулардын өрт кырсыктарына жана авариялык куткаруу иштерине чыгуусу менен жалпы суммасы 23 млн 274 миң сомдук материалдык баалуулуктар куткарылган», - деп айтылат маалыматта.
.
Ссылка: https://barometr.kg/zhyl-bashynan-beri-batkende-75-rt-kyrsygy-kattaldy
Добавить комментарий ×