Авиакаттамдарды калыбына келтирүү 25-майдан кийин белгилүү болот
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов авиакаттамдар качан калыбына келери 25-майдан кийин тактала турганын маалымат жыйында билдирди.
“Кооптуу кырдаалга байланыштуу, облус аралык каттамдарды, ошондой эле аба каттамдарын жүргүзө элекпиз. Бул маселе 25-май күнү дагы бир жолу каралып, эпидемиологиялык абалга байланыштуу чечим чыгарылат”, - деди ал.
Боронов ошондой эле, 17-апрелден 18-майга чейин чет жактан жалпысынан 17 авиарейс жана 6 автобус менен 3531 кыргызстандык алынып келгенин айтты.
“Жарандарыбызды башка өлкөлөрдөн уюшкандыкта алып келүү боюнча иштер улантылып жатат”, - деди Боронов.
Эске салсак, Бишкекте 25-майдан тарта коомдук транспорт жүрө баштайт. Алар эрежелерди тыкыр сакташы керек.
Ссылка: https://barometr.kg/zhyjynda-bashky-prokuror-tkrbek-zhamshitov-maalymat-berdi
Добавить комментарий ×