Журналисттерге орой мамиле жасаган мэриянын кызматкери жумуштан бошотулду

10 августа 2018 03:15 3210 Barometr
Поделиться в:
ok

КТРКнын кабарчыларына орой мамиле жасаган Бишкек мэриясынын кызматкери жумуштан бошотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

“Кечээ "Ала-Тоо24" каналынын кабарчысы Бурулай Пусурманкуловага орой мамиле кылган мэриянын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жетектөөчү адиси Рустам Бейшеналиев Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын 2018-жылдын 9-августундагы №22-л буйругуна ылайык жумуштан бошотулду. Аталган кызматкер Мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын Этика кодексинин №5 беренесин так аткарбагандыгына, ошондой эле норма этиканы сактабагандыгына байланыштуу этика комиссиясынын тыянагы менен бошотулду», - деп билдирди басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, кечээ 8-августта Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жетектөөчү адиси Рустам Бейшеналиев орой мамиле жасаганы боюнча журналист Бурулай Пусурманкулова билдирип, ал видеону интернетке жүктөгөн болчу.


Ссылка: https://barometr.kg/zhurnalistterge-oroj-mamile-zhasagan-meriyanyn-kyzmatkeri-zhumushtan-boshotuldu



Добавить комментарий