Журналист Эльнура Молдокадырова жолдошу Ренат Самудинов менен ажырашты

20 мая 2021 10:20 3017 1 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Саясий куугунтуктан кийин АКШда жашап жаткан журналист Эльнура Молдокадырова жолдошу Ренат Самудинов менен ажырашты. Маалыматты эки ажырым жолго түшкөн түгөйлөр тастыкташты. Бул тууралуу Ренат Самудиновдун соцтармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

"Урматтуу достор, кээде жашоо күтүүсүз сыноолорду алып келет. Көптөгөн ойлонуудан жана талкуудан кийин Эльнура экөөбүз ар кимибиз өз жолубуз менен кетүү чечимин кабыл алдык. Биз ар башка болуп чыктык, бирок жакшы достор сыяктуу эки жолго түштүк. Мен Эльнурага ыраазымын. Чын дилимден ага ийгилик, бакыт каалайм. К  ерек болгон учурда колдоого даярмын. Менде жана Эльнурада баары жакшы болоруна, өз жолубузду табарыбызга ишенип турам. Биздин чечимди түшүнүү менен кабыл алыңыздар. Эльнура сага рахмат", - деп жазган Ренат Самудинов.

Ошондой эле Эльнура Молдокадырова дагы жолдошу менен эки жолго түшкөнүн соцтармактагы баркчасына жазган. Ага ыраазычылык билдирип, ажырашып жатканын тастыктаган.

Эскерте кетсек, Ренат Самудинов Кыргызстандын Социал-демократтар партиясынын мүчөсү болуп, кийин көз караштардын дал келбестигинен улам партиядан чыгарылган.

Ал эми Элнура Молдокадырова КТРКда эшек этинин чуусу боюнча материалы менен таанылган. Жумуштан өз ыктыяры менен кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/zhurnalist-elnura-moldokadyrova-zholdoshu-renat-samudinov-menen-azhyrashty



Добавить комментарий