Журналист Дайырбек Орунбеков: "Илмияновдун кармалып келишин "саясий шоу"- деп эл ишенгидей кайрылуу кылсаңар Кундуз айым!"
"КСДПнын пресс-катчысы Кундуз Жолдубаеванын айтымында, Икрам Илмияновдун кармалып келиши саясий шоу экен. Ал, эч жакка качпай эле Казанда жүрүптүр. Чакыруу берсе өзү деле келмек имиш". Мындай оюн социалдык жеке баракчасына журналист Дайырбек Орунбеков билдирди.
"Кундуз айым, Икрам Саттарович УКМКга жашап жаткан дарегин айтпаса, Кыргызстанда жок болсо, анан эркелетип, "кел, келегой, и садага болойун" демек беле?
Анда, дагы бир бозгун, Атамбаев менен Илмияновдун жакыны Аскар Шадиев эмнеге өзү билип эле келбей жатат? Балким, анын дарегин айтып коесуз?
Саясий шоу - Атамбаевдин убагында болчу эмес беле? Өзү келген Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевди маскачандар колу-бутун кайрып салып кеткен. Эл ишенгидей кайрылуу кылсаңарчы Кундуз айым".
Эске салсак, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов эч кимден качпагандыгын социал-демократтар партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирген эле. Ошондой эле Илмияновду кармоодо шоу болуп жатканын айткан.
"Мындай шоунун элементтери түшүнүксүз болуп жатат. Илмиянов эч кимден качкан эмес. Ал Казанда жүргөнү тууралуу маалыматтар буга чейин ЖМКларга чыгып эле жүргөн. Тергөө саясий боексуз, акыйкат жүргүзүлүшү керек", — деп билдирген Жолдубаева.
18-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Илмияновду кармоо боюнча чечим кабыл алган. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, ал коррупцияга шектелип, Россиянын аймагында кармалып, Бишкекке алып келингени тууралуу ишемби, 20-октябрда белгилүү болгон.
Добавить комментарий ×