Журналист Чынара Токонова каза болду
Поделиться в:
Журналист Чынара Токонова жарык дүйнө менен кош айтышты. Ал бүгүн, 4-ноябрда Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болгонун маркумдун жакындары билдиришти.
Ал кечээ, 3-ноябрда инсульт алып, ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер журналист операцияны көтөрө албай турганын айтышкан.
Чынара Токонова өмүрүнүн акыркы жылдары “Булан” институтунда иштеп жаткан. Ал КТРКда, НТСте, «Интерньюстун» теледолбоорлорунда эмгектенген.
“Barometr.kg” сайтынын жамааты Чынара Токонованын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.
Ссылка: https://barometr.kg/zhurnalist-chynara-tokonova-kaza-boldu
Добавить комментарий ×