Жумушта чыккан айың кептерден кантип алыс болуу керек?

12 июля 2022 08:43 2726 Barometr
Поделиться в:
ok

Жумушта жана жамаатта болгон айың кептер коллективди жикке бөлөт. Алардын айынан жагдай курчуп, жумушчулар иштегиси келбей калат. Ким болбосун ушак-айыңдын чордонунда калгысы келбейт. Жумушта кеп-сөзгө кабылбайын десеңиз же болбосо кабылып жатсаңыз кандай чара көрүү керектигин Barometr.kg психологдун кеңешине таянуу менен сунуштайт.

1. Профилактика же алдын алуу

Көп учурда артыңыздан сөз ээрчип жатса өзүңүздүн мүнөзүңүздү талдап чыгыңыз. “Эмнеден улам мындай болуп жатат? Кесиптештерди  эмне менен провокациялап жатам?”,- деп суроо бериңиз.

Анын жоопторун сөзсүз табасыз. Айрым учурда көп мактанбай, бой көтөрбөй коюу менен дагы көп ушактан арыласыз.

2. Жайына коюу

Баардык этиканы, мамилени сактап жүрсөңүз дагы көрө албагандар сизди ушактап жатса эмне кылуу керек? Жөн гана реакция жасабай коюңуз, кайра байланышка чыкпаңыз. Байкамаксан болуп коюңуз.
Эң негизгиси провокацияга алдырбаңыз.

3. Башкы күнөөкөрдү табыңыз!

Бул жогорудагы пункттун тескериси. Ал үчүн сиз көбүрөөк эрктүү жана күчтүү болушуңуз керек. Жамаатта эң эле баарына кызыга берген же башкаларга шылдыңкор караган адам барбы? Аны ушактардын башчысы, башкы булагы деп жарыялаңыз. Күн сайын “акыркы жаңылыктар кандай болуп жатат?” деп элдин көзүнчө андан сурап туруңуз. Көп учурда ушундай чабуулдан кийин мындай адамдардын ынданы өчүп калат.

4. Альтернативдүү версияларды таратып, айтып коюңуз! 

Жалганга карама-каршы өзүңүздүн версияңызды айтып коюңуз. Кайсы сөз чындык экенин айың кеп кылып жүргөндөр өздөрү билбей баштары айланып калгандай болсун. Акырында алар мындан чарчашат.

5. Кесиптештериңизге ар дайым жакшы гана сөз сүйлөңүз!

Кесиптештериңизге ар дайым жакшы нерселерди гана айтып жүрүңүз, өзүңүз башка бирөөнүн сырын ачып ушак кылбаңыз. Принциптериңизди карманыңыз! Сүйлөсөңүз пайдалуу жана жакшы нерселерди гана сүйлөңүз!

6. Жамааттагы этика менен маданиятты сактаңыз!

Жамааттагы этиканы жана маданиятты сактап жүрүңүз. Эгерде андай маданиятты эч кимиси сактабай жатса сиз сактаганга аракет кылыңыз. Бара-бара башкалар дагы ошого көчүүсү толук мүмкүн.

Ишиңизге ийликтерди каалайбыз!

Ссылка: https://barometr.kg/zhumushta-chykkan-ajy-kepterden-kantip-alys-boluu-kerek



Добавить комментарий