Жумуш да, акча да жок болуп жатса эмне кылуу керек?
Кризистик маалда жумушу жок калуу кадимки көрүнүш, фирмалар же компаниялар өздөрүнүн чыгашаларын азайтып жумушчуларынын санын кыскартат жана айлык акыларын кемитет.Бирок муну түшүнгөндөн эч пайда чыкпайт. Акча да, жумуш да жок учурда эмне кылыш керектигин эч ким айта албайт. Ошондой абалга түшүп калсаңыз эмне кылыш керек?
-Биринчи кезекте чыгашаларды эсептеп чыгыңыз. Адегенде бул чыгашалар чындап эле керек болгон нерседей сезилиши мүмкүн.Бирок жакындан карай келгенде үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Жумуш табылганча ушундай кыла турган жөндүү.
-Жумуш тууралуу ойлонуңуз.Балким болуп өткөн окуя эмнеге акчадан жана иштен жолуңуз болбой жатканын дагы бир ирет токтоп ойлонууга түрткү берет. Балким сиз өз ишиңиз менен алек болбой жатасыз, ошондуктан жолуңуз болбой жатпасын? Ишмердикти алмаштырып өзүңүздүн жеке бир ишти баштоого эч качан кеч эмес.Эң негизгиси буга чечим керек.
-Күтпөңүз. Отуруп алып ойлоно берүүнүн ордуна резюме жазып жөнөтүңүз, тааныштарга чалып иш издеп жатканыңызды айтыңыз. Керек болсо жумуш издеп алыскы жактарга баруудан тартынбаңыз.Кыйын күндөрдө бул жагдайдан чыгуунун эң жакшы жолу болуп калышы ыктымал.
-Өзүңүз тууралуу ойлонуңуз. Эшикти тарс жаап чыгып кетип “мендей адамды таппайсыңар” дегенден улам жумушсуз калган жоксузбу? Жакшы жумуш тапканча талаптарыңызды азайтып, дымагыңызды басаңдатып табылган жумуштан иштеп туруу вариантын дагы карап көрүңүз. Өзүңүзгө жаккан жумушка барганча сиздин жашап турушуңузга бул жакшы көмөк болот.
-Өзүңүзгө чоң суроо бериңиз. Эмне үчүн жумушу да, акчасы да жок калып жатасыз.Жумуш берүүчүнү күнөөлөштүн ордуна жоопту өзүңүздөн издеңиз. Балким сиздин кесипкөйлүгүң, жумушка болгон кызыгуучулугуңуз жетишпей жатпасын адамдар менен коммуникация туура эмес түзүлгөн жокпу, себеби өз ишин мыкты билген жана айланасындагылар менен туура мамиле түзө билген адамды эч бир жумуш берүүчү кетиргиси келбей турган фактыны эске алыңыз!
Ссылка: https://barometr.kg/zhumush-da-akcha-da-zhok-bolup-zhatsa-emne-kyluu-kerek
Добавить комментарий ×