Жумгалда катуу жааган жамгырдын кесепетинен турак үйлөрдү суу каптады

15 июля 2020 10:14 469 Barometr
Поделиться в:
ok

Жумгалда катуу жааган жамгырдан кийин турак үйлөрдү суу каптады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Жумгал районунда кечээ,14-июль күнү саат 20:00 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Чаек айылындагы каналдан суу ашып, Май-Кокту тилкесинде жайгашкан 2 турак үйдүн ичине суу кирип, 3 турак үйдүн короолорун суу каптаган.

Тазалоо иштерине  Жумгал райондук №43 ӨКБдан 15 куткаруучу жана айыл аймактан 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, №24 ЖТИден 1 жүктөгүч, Суу чарбасынан 17 киши жана жергиликтүү тургундардан 20 киши тартылды.

Тартылган күчтөрдүн жардамы менен турак үйлөрдү тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө

Ссылка: https://barometr.kg/zhumgalda-katuu-zhaagan-zhamgyrdan-kijin-turak-ujlrd-suu-kaptady



Добавить комментарий