Жумгалда имамдын демилгеси менен муктаждарга акысыз көмүр таратылды

10 декабря 2020 13:03 3002 Barometr
Поделиться в:
ok

Нарын облусунун Жумгал районунун Дыйкан айылында айылдык имамдын демилгеси менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акысыз көмүр таратылып берилди. Бул тууралуу аталган айылдын имамы Тилек Сабырбек уулунын маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

Анын айтымында, Дыйкан айылындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кышкы суукта көмүр отуну менен камсыздоо маселесин көтөрүп чыккан. Имамдын демилгеин аталган айылдын жаштары дагы колдоого алышкан.

«Биздин айылдагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү боюнча айыл жаштары менен чогулдук. Жумгал районундагы «Шарбон» көмүр кесиминен  жалпысынан 150 тонна көмүр алынып келинди. Бүгүнкү күндө биздин айылга түшүрүлгөн көмүрдү муктаж болгон үй-бүлөлөргө ташып кетишүүдө. Демилгени колго алган айыл жаштарына терең ыраазычылык билдирем»,- деди айыл имамы.


Ссылка: https://barometr.kg/zhumgalda-imamdyn-demilgesi-menen-muktazhdarga-akysyz-kmr-taratyldy



Добавить комментарий