Жумгалда балык уулоого кеткен эки адам бир айдан бери дайынсыз

8 июля 2020 09:59 1873 Barometr
Поделиться в:
ok

Көкөмерен дарыясына балык уулоого кеткен эки жаран бир айдан бери изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып «Барометр» билдирет.

Маалыматка ылайык, Жумгал районунда 5-июнь күнү Миң-Куш айылынын тургундары 1978-жылы туулган жана 1977-жылы туулган Өрнөк айылындагы Көкөмерен дарыясына балык кармоого кетишкен. Ал күндөн тарта ушул күнгө чейин дайынсыз болууда.

Кечээ, 7-июль күнү издөө иштерин улантуу максатында жалпы беш ӨКМдин №44 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган.

 Учурда издөө иштери уланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/zhumgalda-balyk-uuloogo-ketken-eki-adam-bir-ajdan-beri-dajynsyz



Добавить комментарий