Жубайыңыз сиздин ден соолугуңузга кандай таасир берет?

23 августа 2019 17:29 3864 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамиле-жөнөкөй нерсе эмес. Бир жагынан алганда шериктешиңиз сизге эмоционалдык жактан жылуулук,камкордук жана сексуалдык канааттануу берсе, бир жагынан аны менен урушуп-талашып, бири-бирин түшүнбөөчүлук келип чыгат. Акыркы илимий издөөлөр аныктагандай жубайлар бири-биринин ден соолугуна абдан чоң таасир берет экен.Төмөндө кандай таасир бере турганына көз жүгүртүңүз.

Микро дүйнөңүздөр бир!

Изилдөө көрсөткөндөй бирге жашаган жубайлардын денесиндеги жана ичегисиндеги микроорганиздер окшош боло баштайт. Аларда окшош микробиом түзүлөт. Акыркы компьютерик изилдөө көрсөткөндөй эки жуптун микробиомдору 86 пайыз окшош болот экен.

Өнөкөт оорулар келип чыгат

PLOS Medicine тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө көрсөткөндөй өнөкөт оорулар, бел оорулары чарчап-чаалыгуу дагы жубайынан жугушу мүмкүн экени далилденген.Бул феноменге азырынча илимий түшүндүрмө бериле элек.

Уйку ыргагын бузат

Австралиянын Монаш университетинин изилдөөлөрү көрсөткөндөй жубайлардын биринин эрте жатып  эрте ойгонуусу же тескерисинче кеч жатып кеч ойгонуусу экинчисинин уйку ритмине таасир берип аны бузат.

Ссылка: https://barometr.kg/zhubajyyz-sizdin-den-sooluguuzga-kandaj-taasir-beret



Добавить комментарий