Жубайына тезирек тамак жасабайсың деп бензин чачып өрттөп жиберген. Аял каза болуп, күйөөсү кармалды

28 февраля 2020 13:20 2985 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Сокулукта эркек киши аялы тамак жасап жатканда ага бензин чачып өрттөп жиберген. Аял алган жаракатынан жакшы боло албай ооруканада каза болгонун Чүй облустук милициясы кабарлады.

Ага ылайык, 12-февралда аймактык ооруканага денеси күйгөн аял түшкөнү боюнча Сокулук РИИБине маалымат келген. Аял кийинки күнү каза болуп калган. Ал 42 жаштагы М.О. аттуу аял экени жана Сокулук райондорунун бириндеги айылда жашай турганы аныкталган.

Маалымат боюнча окуя болор күнү күйөөсү мас болуп келип, аялын тамак жаса деп буюрган.

“Аял тамакты электроплитага жасап жатканда күйөөсү эртерек тамак бер деп талап кылган. Аялына жини келген эркек бөтөлкөдөгү бензинде ага чачып жиберген. Аял тамакты электроплитадан алып, газга койгондо жалын аны каптап кеткен. Анын кесепетинен денеси күйүп, кийинки күнү каза болгон”, — деп айтылат маалыматта.

Бул кылмышка шектүү катары 46 жаштагы М.А. аттуу киши кармалды. Учурда ага Кылмыш жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Ссылка: https://barometr.kg/zhubajyna-tezirek-tamak-zhasabajsy-dep-benzin-chachyp-rttp-zhibergen-ayal-kaza-boldu



Добавить комментарий