Жубайлардын төшөк кризиси деген эмне? Ал качан келип чыгат?
Ар бир кыз жигит үй-бүлө куруп жатканда сүйүү, кумар, бири-бирине карата тартылуу, гармония түбөлүк болот деп элестетишет.Бирок бир аз убакыт өткөндөн кийин жуптардын бири-бирине каалоосу жоголуп баардык нерсе көндүм болуп калат. Бүгүн barometr.kg жубайлардын ортосунда үй-бүлөлүк жана анын ичинде сексуалдык кризис качан келип чыгары тууралуу психологдун пикирин сунуштайт.Төмөндө психология илиминде изилденген фактыларды белгилейбиз.
-Жубайлардын ортосундагы алгачкы нике кризиси жана ошондой эле төшөк кризиси бир жылдын тегерегинде келип чыгат.Анын себеби идеалдаштырган мамилелердин күнүмдүккө айланышынан жана сүйүү гармондорунун азайынан улам болот. Албетте бул баардык эле жубайларда келип чыкпайт.
-Кийинки сексуалдык кризис аялдын кош бойлуу маалында жана балдар төрөлгөндөн кийинки мезгилде тактап айтканда никенин 3-5 жылдары пайда болот. Айрым аялдар балалуу болгондон кийин романтикага суусап, жаңы мамилелерди кыялында болсо дагы күтүшү мүмкүн.
-Айымдардын эң эле төшөк кумарына кызыккан жылдары анын 18-25 жаш жаш курагында эмес 35-45 жаш курагында болот. Бул арада анын жолдошу карьера курам же акча таап, үй-салып, унаа алып, ишти жолго коем деп төшөк мамилелерин кадимки көндүм адаттай кабыл алып, салкын болушу ыктымал.
Тескерисинче эркектер 40-45 жаштарга чыккан кезде алардын жаш, энергиялуу аялдарга, жаңы мамилерге кызыгуусу күчөгөндүктөн жуптардын ортосунда сексуалдык крисиз келип чыгат.Бул баскычта айрым эркектер үй-бүлөсү менен катарлаш эле көңүлдөш күтүп же ажырашуудан кийин жаңы мамиле түзгөн учурлар көбөйөт.
Психологиялык изилдөөлөр көрсөткөндөй эркектердин 24 пайызы 40-45 жаш курактарында өзгөрүүгө, өзүнүн жашоосун жаңылоого абдан аракет кылып, жаш кезинде жетпей калган нерсесинин ордун толтурууга аракет кылат.
Ал эми жашы өткөн айымдарда авантюризмдин, романтиканын духу азайып биринчи кезекте балдарга гана эмес, күйөөсүнө энедей мамиле жасаганга өтө баштайт. Бул албетте эркектин аялга карата сексуалдык кызыгуусун жоготтурат.
Кийинки курактардагы төшөк кризистери бул психология эмес, физилогияга байланыштуу болот. 50 жаштан өткөн соң аялдарда дагы эркектерде дагы ар кандай оорулар, анын ичинде репродуктивдүү органдардын оорулары көп келип чыгат.
Албетте баардык жуптардын жашоосунда дал ушул курактарда кризси болот деп айтуудан алыспыз. Ал жубайлардын бири-бирин түшүнүүсүнөн, өз ара мамиледен, ички, тышкы факторлордон көз каранды болот.
Ссылка: https://barometr.kg/zhubajlardyn-tshk-krizisi-degen-emne-al-kachan-kelip-chygat
Добавить комментарий ×