Жубайлар ортосунда сексуалдык каалоону күчөтүүнүн жолдору
Жубайлар ортосунда эмне себептен сексуалдык каалоо жоголот. Аны кайра кайтаруу үчүн эмне кылыш керек? Үй-бүлөлүк жылуу мамилени сактап калуунун жолдору.
Психологдор ар бир үй-бүлөдө сексуалдык кризис боло тургандыгын айтып келет.
Маселелер эмнеден улам пайда болот?
Интимдик маселенин төмөндөшү, ар бир эле үй-бүлөдөгү чыр-чатакка байланыштуу болгонун адистер коңгуроо кагып келет. Болбогон эле нерседен улам чыр-чатак чыгара берүү болбостугун адистер эскертет.
Үй-бүлөдө уруш-талаш чыкпаш үчүн эмнелерди жасоо керек?
1.Аял киши эркекке ар дайым өзүнүн планы тууралуу алдын ала айтып, билдирип туруш кажет.
2. Ортодогу маселени кардыңыз ач жана маанайыңыз жок болуп турганда талкуу кылбай эле койгонуңуз оң.
3.Сүйлөгөн сөзүңүздү көзөмөлгө алып туруңуз
4.Балдардын көзүнчө эч качан уруш чыгарбаңыз
Жубайлар ортосундагы үй-бүлөлүк чыр-чатак маселеси түгөйлөр ортосундагы сексуалдык каалоону азайтат. Сексуалдык каалоо азайбаш үчүн үй-бүлөдө бири-бириңизге болушунча көңүл буруп, жылуу сүйлөп, ар кандай сюрприздерди даярдап турууга психологдор кеңеш берет.
Эгерде сиз түгөйүңүз менен көп жылдан бери чогуу жашап келатсаңыз, анда төшөк маселесинде ар түрдүү ыкмаларды колдонууну адистер эскертет. Бири-бириңизге эротикалык массаж жасаңыз, спорт менен машыгып, ашыкча салмак болсо андан арылууга аракеттерди көрүңүз.
Мына ошондо үй-бүлөлүк гармония пайда болуп, сексуалдык каалоо дагы жогору болмокчу.
Ссылка: https://barometr.kg/zhubajlar-ortosunda-seksualdyk-kaaloonu-kchtnn-zholdoru
Добавить комментарий ×