Жубайлар эки миллион доллар утуп алганын социалдык тармактан билишти
Поделиться в:
АКШнын Луизиана штатынын Жефферсон округунун тургундары лотереядан эки миллион доллар утуп алганын Facebook социалдык тармагынан билген. Бул тууралуу UPI порталы жазды.
Былтыр октябрь айында Жеймс Миллер менен аялы Тами жергиликтүү дүкөндөн Powerball лотереялык билет сатып алышкан. Бир нече жумадан кийин түгөйлөр алардын округунан 2 миллион доллар утуп алгандар бар экенин Facebook социалдык баракчасынан окушкан.
Алар лотереялык билеи текшере келгенде утушка ээ болушканын билген. Жубайлар бул акчаны эмнеге жумшай турганын так айтышкан эмес.
Ссылка: https://barometr.kg/zhubajlar-eki-million-dollar-utup-alganyn-socialdyk-tarmaktan-bilishti
Добавить комментарий ×