Жүрөктүн саламаттыгын өз алдынча текшерүүнүн кандай жолдору бар? Адистин жообу

21 декабря 2020 17:30 948 Barometr
Поделиться в:
ok

Испаниялык университеттин окумуштуулары жүрөгүңүздүн саламаттыгын текшерүүнүн оңой жолун ойлоп табышты. Бул тууралуу  Healthline клиникасынын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Ал үчүн төртүнчү кабатка көтөрүлгөн убакытты өлчөө керек.

"Эгерде сизге төрт кабаттын тепкичинен чыгуу үчүн бир жарым мүнөттөн ашык убакыт керек болсо, анда ден-соолугуңуз төмөн деңгээлде", - деди дарыгер Хесус Петейро.

Эгерде көтөрүлүү убактысы болжол менен бир мүнөткө созулуп, андан кийин адам өзүн жаман сезбесе же дем алуусу жакшы болсо,  анда кооптонууга негиз жок, дешет адистер.

Дарыгерлер белгилегендей, бул ыкма адистештирилген текшерүүдөн үзгүлтүксүз өтүп турууну жокко чыгарбайт, бирок жүрөк-кан тамыр системасындагы көйгөйлөрдү убагында көрсөтөт.

Ссылка: https://barometr.kg/zhrktn-den-soolugun-z-aldyncha-tekshernn-kandaj-zholdoru-bar-adistin-zhoobu



Добавить комментарий