Жүрөккө пайдалуу тамак

16 мая 2022 11:09 2069 Barometr
Поделиться в:
ok

Жүрөгүңүздү саламатта сактоо үчүн тамактануу тартибиңизге көңүл бөлгөнүңүз жөн. Себеби, жүрөк үчүн туура жана жакшы тамактануу маанилүү роль ойнойт. Ар бир адамдын жүрөгү ал витамин кабыл алган кезде “кубанат”, өзгөчө, В жана Р тобундагы витаминдер. Бл тууралуу дарыгерлердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Жогорудагы витаминдерге кошумча, жемиштер менен мөмөлөрдү көп пайдаланыңыз. Кычкыл жана таттуу, кызыл жана жашыл алманын бардык түрлөрү биздин организмибиз үчүн, өзгөчө, жүрөк үчүн өтө пайдалуу. Керек болсо, бул тууралуу англичандарда макал да бар, орус тилине которгондо болжол менен «Съешь яблоко на ужин и доктор тебе не будет нужен» ушундай болот. Адамдын жүрөгү мындай химиялык элементтерге муктаж болот: 

Йод – бул химиялык элемент зат алмашуу процессин таасир берет. Йод кальмар, деңиз балыгы, балырлар менен крабдар сыяктуу деңиз азыктарында көп болот.

Калий – денедеги ашыкча суюктукту жок кылып, жүрөк булчуң этинин кызматын жакшыртат. Инжир, кара өрүк, аш кабак,  капуста, картошка, кызыл жана кара карагат, ошондой эле ит мурундун курамы калийге бай.

Магний – заара чыгарып жана тынчтандыруучу касиеттери бар химиялык элемент. Бул элемент кан тамырлардын дубалдарына катыган канды кетирет. Организмиңиздеги магний жетиштүү өлчөмдө болушу үчүн рационуңузда бул тамактар болуш керек: сулуу, будай, гречка, бурчак, жаңгактар жана соя уну. Магнийге таттуу бадам, банан, кебек жана соя уну бай. Ошондой эле, жүрөк сүт жана вегетариандык шорпону жакшы көрөт.

Ссылка: https://barometr.kg/zhrkk-pajdaluu-tamak



Добавить комментарий