Жүрөк оорусунун себептери
Адистердин айтымында жүрөк оорусунун бир нече себептери бар. Бул тууралуу дарегерлердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Кыймылдын аздыгы
Учурда техникалык каражаттардын өнүккөн заманы. Ага байланыштуу бир орунда отуруп уюлдук телефон кармап же сыналгы көрүп отура берүү-жүрөк оорусунун алгачкы себеби болуп саналат.
Депрессия
Стресс, агрессивдүүлүк жана депрессиянын жүрөккө тийгизген зыяндуу таасири көп.
Коңурук тартуу
Коңурук тартуу жүрөк оорусунун белгилеринин бири.
Жалгыз өмүр сүрүү
Жалгыздык дагы жүрөк оорусуна себеп болот. Анткени ал адам ички туюмум башка бирөөлөр менен бөлүшпөй, ичине ката берет.
Спирт ичимдиктери
Спирт ичимдиктери жогорку кан басымды пайда кылып, жүрөк оорусун козгойт.
Ашыкча тамактануу
Ашыкча тамактануу дагы ден соолукка зыян. Ошондуктан адистер аз-аздан тамак жегенди сунуш кылат. Мисалга, шекер кошулган суусундуктун ордуна, жөнөкөй суу ичкен жакшы. Нан мене ун азыктарын аз колдонуу керек.
Тамеки чегүү
Тамеки чегүү жүрөк оорусунун башкы душманы.
Жүрөккө эң пайдалуу-бул диета кармоо, мөмө-жемиштер жана жашылчалар.
Ссылка: https://barometr.kg/zhrk-oorusunun-sebepteri
Добавить комментарий ×