Жүрөк көйгөйлөрүн көрсөткөн күтүлбөгөн симптомдор кайсылар? Адистин жообу
Тамандын шишип кетиши кан басымы жогорулап, жүрөк-кан тамыр оорулары бар экендигин билдириши мүмкүн. Бул тууралуу Express сайты жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Кан басымынын жогорулашы кан тамырларга жана адам органдарына стресстин күчөшүн шарттайт.
"Эгерде сизде томугунан шишик пайда болсо, анда бул кан басымы көтөрүлүп гана тим болбостон, жүрөк жетишсиздигине да алып келиши мүмкүн", - деп эскертет макалада.
Басылма белгилегендей, жогорку кан басым жүрөктөгү стресстин күчөшүнө шарт түзөт.
"Убакыттын өтүшү менен, бул кошумча күч жүрөк булчуңдарынын гипертрофиясына жана кан айлануунун төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн. Бул таманыңыздагы суюктуктун көбөйүп, шишип кетишине шарт түзөт", - деп түшүндүрүштү адистер.
Мындан тышкары, кээ бир учурларда, тамандын шишиши башка маанилүү органдардын, мисалы, боордун же бөйрөктүн жакшы иштебей жаткандыгынын белгиси болушу мүмкүн.
Ссылка: https://barometr.kg/zhrk-kjgjlrn-krstkn-ktlbgn-simptomdor-kajsylar-adistin-zhoobu
Добавить комментарий ×