Айланайын, абайлачы! Жүргүнчү менен жѳѳ жүрүүчүлѳрдүн милдеттери кандай?

17 октября 2019 09:38 1340 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Ар бирибиз эч кандай кырсыкка учурабай дени соо жашагыбыз келет. Бирок кээде эң жѳнѳкѳй эрежелерди сактабагандыктан, же билбегендиктен кырсыкка учурайбыз.

Коопсуз жашоо үчүн эмнелерди билишибиз керектигин  Barometr.kg маалымат агенттигине адистер талдап берди.

Жол-транспорт кырсыктарынын басымдуу бөлүгүн чоңдор жана балдар түзѳт. Алар жол кырсыктары жана жол-транспорт окуяларынан (ЖТО) улам дуушар болушат. Андай кырсыктарда 4 факторду белгилесек алар айдоочу, автоунаа, жөө жүрүүчү, жол. Ар бир окуяда алардын ичинен экиден кем эмес фактор катышат. Эң эле башкы фактор – адам: айдоочунун жана жөө жүрүүчүнүн ролу биринчи орунда турат.

Жол кырсыктарынын дагы бир маанилүү себеби транспорт каражатынын ичинде куру байланбаган абалда отурган жүргүнчү же айдоочу же балдардын атайы бекитүүчү жабдуусу жок отурган бала, ошондой эле капарсыз бара жаткан жөө жүрүүчү, балдардын тентектиги, улгайгандардын унутчаактыгы, жөнөкөй жол эрежелерин, көчөнү, бурулуштарды кесип өтүүнүн тартибин бузуу ж.б. кирет. Мындай учурлардын жүрүп бара жаткан транспорттун алдында капыстан пайда болушу кайгылуу окуяларга алып келет. Айдоочу канчалык аракеттенсе дагы жетишпей калат, унааны токтото албайт.

Жаракат чоңдордун дагы, балдардын дагы ден соолугу жана өмүрү үчүн олуттуу коркунуч туудурат. Жыл сайын планетада миллиондогон адамдар өздөрүнүн камаарабастыгы жана сак эместигинен же кайсы бирөөлөрдүн кылмыштуу шалаакылыгы жана жоопкерсиздигинен улам майып болушат, жарык дүйнө менен кош айтышат.

Жөө жүрүүчүлөрдүн жана жүргүнчүлөрдүн милдеттери:

Биз бардыгыбыз жөө жүрүүчү жана ар кандай транспорт каражаттарынын жүргүнчүлөрү болуп саналабыз.

Жөө жүрүүчү – жол кыймылынын транспорт каражатынан тышкары жүргөн катышуучусу. Ошондой эле жөө жүрүүчүлөргө кыймылдаткычы жок майып арабасындагылар, велосипед, мопед, мотоцикл тепкендер, чана, араба, балдар жана майыптар арабасын сүйрөгөндөр дагы кирет.

Жүргүнчү – экипаждын мүчөсү болуп саналбаган жана транспорт каражаты менен кайсы бир транспорттун түрүндө жүргүнчүлөрдү ташуунун ачык же көмүскө келишимине ылайык ташылган адам.

Жөө жүрүүчүлөрдүн милдеттери:

Жөө жүрүүчүлөр тротуар же жөө жүрүүчүлөр үчүн жолдордо, эгерде андайлар жок болсо – чет менен басууга тийиш.

Оор буюмдарды ташып келе жаткан жөө жүрүүчүлөр, ошондой эле кыймылдаткычы жок майып арабаларын айдап жүргөн адамдар эгерде алардын тротуар же жолдун чекесиндеги кыймылдары башка жөө жүрүүчүлөр үчүн тоскоолдук пайда кылса жолдун четиндеги унаа жүрүүчү бөлүгү аркылуу жүрсө болот.

Тротуарлар, жөө жүрүүчүлөр үчүн жолдор же жолдун чети жок болгон учурларда, ошондой эле анда басуу мүмкүн болбогон учурларда жөө жүрүүчүлөр велосипед жолу аркылуу же унаа өтүүчү бөлүктүн (унаа жүрүүчү бөлүктүн тышкы чети боюнча – бөлүүчү тилкеси бар жолдордо) четинде бир катар менен жүрө алышат.

Унаа жүрүүчү бөлүктө жүрүүдө жөө жүрүүчүлөр транспорт каражаттарын каршысында басууга тийиш. Ал эми кыймылдаткычы жок арабада бара жаткан, мотоцикл, мопед, велосипед айдап бара жаткандар мындай учурларда транспорт каражаттары бара жаткан багытта кетиши керек.

Жүргүнчүлөрдүн милдеттери:

1. Коопсуздук куру менеп жабдылган транспорт каражаттары менен бара жатканда аны курчануу, ал эми мотоциклде бара жатканда – мотошлемди тагынууга тийиш.

2. Жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүүнү тротуар же жолдун четинде жана транспорт каражаты толук токтогондон кийин гана жүргүзүү зарыл.

3. Эгерде жүргүнчүлөрдү тротуар же жолдун четинде отургузуу жана түшүрүү мүмкүн болбосо, ал унаа жүрүүчү бөлүк тарабынан ишке ашырылышы мүмкүн, бирок, бул коопсуз болгондо жана кыймылдын башка катышуучуларына тоскоол болбогон шарттарда гана ишке ашырылат.

Жүргүнчүлөргө тыюу салынган нерселер

1. Айдоочуну транспорт каражатын айдап бара жаткан учурда алаксытууга.

2. Бортунда платформасы бар жүк ташуучу автоунаада бара жатканда бортторго турууга, отурууга же борттон бийик чыгып турган жүккө отурууга.

3. Транспорт каражаты жүрүп бара жаткан учурда анын эшиктерин ачууга.

4. Тротуар менен гана баскыла!

5. Өтө турган сызыктар же жол көрсөткүч болгон жерлерде гана көчөлөрдөн өтүү, алар жок жерде – тротуарлардын тилкеси боюнча кесилиштерден өтүү керек.

6. Көчөнү кесип өтүп бара жатканда солго, ал эми ортосуна жеткеде – оңго карагыла!

7. Жол кыймылы жөнгө салынып жаткан көчө жана жолдордо унаа өтүүчү бөлүктөн светофордун жашыл белгиси күйгөндө же жол кыймылын башкаруучунун уруксат берге ишарасынан кийин гана өткүлө.

8. Жакын келе жаткан транспорттун алдын кесип өтпөгүлө!

9. Транспорттун тепкичтерине туруп алып жол жүрбөгүлө.

10. Аялдамада токтоп турган автобус же троллейбусту өтүүгө уруксат берилген жерлерден гана сактык менен айланып өткүлө.

11. Жолдун унаа жүрүүчү бөлүгүндө ойнобогула жана коньки, лыжа жана чана менен жүрбөгүлө!

Жол тайгак болгон учурдагы жаракаттын алдын алуу

  • бутуңардын алдын кунт коюп карагыла;
  • чоң аттабагыла , жай басыңыз;
  • таманды толук таштагыла, буттун учу же согончок менен баспагыла;
  • тазаланбаган көчөлөрдөн оолак болгула жана тайгалак жерлерди айланып өткүлө;
  • кум чачылган тротуарлар менен жүргүлө;
  • бут кийимдин таманына наждак кагазынан же кадимки лейкопластырдан кесип чаптап алгыла;
  • таманы калың бут кийим кийгениңер оң;
  • кыздар жол тайгак болуп жаткан мезгилде, бийик, ичке такалар тууралуу унутуп койгону жакшы.

Ссылка: https://barometr.kg/zhrgnch-menen-zh-zhrchlrdn-mildetteri-kandaj



Добавить комментарий