Жүрөгү токтоп каза болгон Децлдин акыркы концерттеги видеосу интернетке тарады
Кокусунан жүрөгү токтоп калып каза болгон белгилүү Орусиялык рэп ырчысы Децлдин акыркы тартылган видеосу интернетке тарады.
Белгилүү болгондой, ырчы 2-февралда Ижевск шаарында концерт берип жүргөн жеринен жүрөгү токтоп калып каза болгон.
Децл деген ат менен таанылган ырчынын өз аты Кирилл Толмацкий. Ал 35 жашта эле. Децл "Вечеринка", "Слезы", "Письмо" жана "Для тебя" өңдүү белгилүү ырларды аткарган. Москвадагы Британия эл аралык мектебин бүтүрүп, кийин Швейцарияда билим алган. Алгачкы "Пятница" аталышындагы ырын атасы Александр Толмацкий менен биргеликте чыгарышкан. Атасы кийин Децлге продюсерлик кылып келген.
Ссылка: https://barometr.kg/zhrg-toktop-kaza-bolgon-decldin-akyrky-koncerttegi-videosu-internetke-tarady
Добавить комментарий ×