Жоокерди сабаган прапорщик 5 жылга эркинен ажыратылды

10 сентября 2018 20:30 1290 Barometr
Поделиться в:
ok

Таш-Көмүр шаарында жоокерди сабаган прапорщик 5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу  Аскер прокуратурасынан билдиришти.  

Маалым болгондой, Таш-Көмүр шаардык соту аскер кызматкерин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып коюп, күнөөлүү деп  тапты. Өкүмгө ылайык, соттолуучу 3 жылга чейин кызматта иштегенге болбойт. 

Эске салсак, аталган шаарда мас абалындагы прапорщик катардагы жоокерди сабап салган буга чейин маалымдалып, коомдо кызуу талкууланган болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/zhookerdi-sabagan-praporshik-5-zhylga-erkinen-azhyratyldy



Добавить комментарий