Жолдун ортосунан жарака кетип, элдер дүрбөлөңгө түшүштү. Аргентинада күчтүү жер титирөө болду

19 января 2021 11:10 1622 Barometr
Поделиться в:
ok

Аргентинанын Сан-Хуан провинциясында күчү 6,8 баллга жеткен катуу жер титирөө болуп, жергиликтүү тургундарды дүрбөлөңгө салды. Бул тууралуу Tiempo de San Juan жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Өлкөнүн сейсмологиялык кызматы белгилегендей, силкинүү сегиз чакырым тереңдикте болгон. Ошондой эле, силкинүү коңшу аймактарда жана окуя болгон жерден миң чакырым алыстыкта жайгашкан Буэнос-Айресте да сезилген. Андан кийин бир нече жолу жер силкинүү болгон, бирок, бир аз күчү азырак 4,4 баллга жеткен.

Жер титирөөнүн эпицентри Медиа-Агуа шаарында болгон. Жер титирөө катуу болгондуктан, адамдар дүрбөлөңгө түшө башташкан. Табийгый кырсыктын кесепетинен автоунаалардын сигналдары иштеп, супермаркеттердеги жана үйлөрдөгү буюмдар жерге кулап, облус боюнча электр жарыгы өчүп шаар караңгы калган.

Ссылка: https://barometr.kg/zholdun-ortosunan-zharaka-ketip-elder-drblg-tshsht-argentinada-kcht-zher-titir-boldu



Добавить комментарий