Жолдубаева: «Алга Кылычевге кысым кѳрсѳтүлүшү мүмкүн»

9 октября 2019 11:02 2147 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусунун  маалыматы боюнча, Алга Кылычев, Алмазбек Атамбаевга, Кундуз Жолдубаева, Амантур Жамгырчиев, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаевге каршы кѳрсѳтмѳ берген.

 Бул маселе тууралуу Barometr.kg маалымат агенттиги  КСДП төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаевага байланышканыбызда , Алга Кылычевге кысым көрсөтүү болушу мүмкүн экенине токтолду.

«Акыркы беттешүүдө Алга  Кылычевдин абалы оор болуп турганын байкагам. Анын ден-соолугу да начар, кант диабетти жана астма оорусу менен ооруйт. Ошондуктан ага кысым көрсөтүлүп, ушундай ойдон чыгарылган көрсөтмө алышы мүмкүн», - деди Кундуз Жолдуубаева.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Алга Кылычев 10-августта ИИМ кызматкерлери тарабынан кармалып, ага карата "Ээнбаштык", "Массалык башаламандыктарды уюштуруу" ж.б. боюнча айыптар тагылган.

Ссылка: https://barometr.kg/zholdubaeva-alga-kylychevge-kysym-krstlsh-mmkn



Добавить комментарий