Шашылыш билдирүү! 21-декабрда Кыргызстанда кар жаайт, жолдор тайгак болот
Шашылыш билдирүү! 21-декабрь күндүзү жана 22-23-декабрларда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт.
21-декабрда күндүз жана 22-23-декабрларда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолууу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
24-26-декабрларда абанын температурасы абдан төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8° суук, Чүй облусунун түндүгүндө -7…-12° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз -3 сууктан…+2° жылуулукка чейин, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз -3 сууктан…+2° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10°, Ат-Башы районунда түнкүсүн -24…-29°, күндүз -12…-17°, тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн-25…-30°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.
Андыктан, өлкөбүздүн тоолу унаа жолу менен жол жүрүүгө камданып жаткан айдоочуларга КР ӨКМ төмөнкү чараларды эске алууну сунуштайт:
- КР ӨКМдин Гидрометереология агенттигинин аба-ырайы жөнүндө маалыматты эске алууну;
- тоолу унаа жолдор аркылуу айдап жатканда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо;
- унаалардын кышкы даярдыкка өткөрүүнү ( дөңгөлөктөрдү кышкы шинага алмаштыру ж.б.у.с.);
- аптечка, чынжырча, күрөкчөнү алып алыңыз.
Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып үзүлүү коркунучун алып келет.
Өзгөчө кырдаалдарда 112 номуруна чалыңыз, чалуу акысыз.
Ссылка: https://barometr.kg/zholdor-tajgak-zhana-golok-bolup-kar-zhaajt
Добавить комментарий ×