Жолдо жүрүү эрежесин бузгандардын айынан 1 жумада 11 миллион сомго барабар айып пул чогулду

4 июня 2018 23:45 921 Barometr
Поделиться в:
ok

Жолдо жүрүү эрежесин бузгандардын айынан 1 жумада 11 миллион сомго барабар айып пул чогулду.

Бир жуманын ичинде жол коопсуздугун бузган 23 миңден ашуун айдоочу административдик айыпка тартылган. Анын негизинде 756 унаа айып токтотуучу жайга коюлган. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдиргендей, мыйзам бузуулардын көбү коопсуздук курусун тагынбагандыктан келип чыккан. Ошондой эле, жол белгилерине баш ийбөө, мас абалында унаа башкаруу сыяктуу терс көрүнүштөр да болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/zholdo-zhr-erezhesin-buzgandardyn-ajynan-1-zhumada-11-million-somgo-barabar-ajyp-pul-choguldu



Добавить комментарий