Видео. Жоламан Шаршенбеков U23 дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

2 ноября 2019 23:09 10810 Barometr
Поделиться в:
ok


Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбеков U23 дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Жарым финалда ал украиналык Жора Абовян’ды 8:0 эсебинде утуп алды. Эми Жоламан алтын байге үчүн армениялык Армен Меликян менен кармашат.

Грек-рим күрөшүнөн 60 кило салмакта ат асылышып жаткан Шаршенбеков чейрек финалда кытайлык Лигуо Цао’ну утту. 1/8 финалда орусиялык Артун Петросянды утту.

Ал эми квалификациялык этапта Азербайжан балбаны Азгар Ализадени 19 секунданын ичинде 4 упайлык ыкмага чаап, далысын тийгизип, таза жеңди.

Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча U23 дүйнө чемпионаты Будапешт шаарында (Венгрия) өтүп жатат.

 Буга чейин эркин күрөш жана кыздар күрөшү болуп өттү.

Ссылка: https://barometr.kg/zholaman-sharshenbekov-u23-djn-chempionatynyn-finalyna-chykty



Добавить комментарий