Бишкектеги жол тыгындарды айлампа жол куруп азайтабы?
Бишкекте жол тыгындарды пайда кылган кесилиштерге айланма жол куруу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын басма сѳз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, айланма жол 7-апрель менен Анкара көчөсүнөн башталат. Жолдун схемасын өзгөртүү боюнча долбоордун үстүнөн "Бишкекасфальтсервис" менен мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы иштеп жатат. Кесилиштеги айланма жол алгач пилоттук режимде иштейт.
Анда көчөлөрдүн кесилишиндеги светофорлор өчүрүлүп, жол белгилери коюлат. Айланма жолдун багыты бетон конструкциялары менен белгиленет. Инспекторлор трафикти көзөмөлгө алышат. Эгер тыгын азайса, айланма жол курулары камтылган. Ошондой эле, Чүй проспектиси менен 7-апрель көчөсүнүн кесилишиндеги жол тыгынды азайтуу үчүн ушундай пландар каралган.
Ссылка: https://barometr.kg/zhol-tygyndar-maselesin-chech-shar-bashkarmalygy-plandaldy
Добавить комментарий ×