Жол кырсыгынан 24 жаштагы кыз жабыркады
Поделиться в:
Ош областынын Өзгөн районунда болгон жол кырсыгынан 24 жаштагы кыз жабыркады. Бул тууралуу Ош областтык ички иштер башкармалыгынын жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Чангет айылынын 1991-жылы туулган тургуну айдап бара жаткан «СсангЙонг Муссо» унаасы 1957-жылы туулган Жылалды айылынын тургуну айдап бара жаткан «Фольксваген Пассат» унаасы менен кагылышкан.
Жол кырсыгынан улам «Фольксваген» унаасынын 1995-жылы туулган жүргүнчүсү жабыркады. Кыз ооруканага жеткирилди.
Ссылка: https://barometr.kg/zhol-kyrsygynan-24-zhashtagy-kyz-zhabyrkady
Добавить комментарий ×