Жол кырсыгы. Сокулукта эки унаа сүзүшүп, айдоочу каза болду. Фото

19 июня 2018 07:40 1626 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда маршруттук такси менен жүк ташуучу унаа сүзүштү.  Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мааалыматка караганда, 33 жаштагы И.М. аттуу жаран «Мерседес-Спринтер» унаасын башкарып бара жатып, 31 жаштагы Т.Р. аттуу жаран башкарып бара жаткан «Мерседес» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааны сүзүп алган.Кырсык  Манас — Жаңы-Жер унаа жолунда катталган. Жыйынтыгында 33 жаштагы маршрут айдап бараткан жигит кырсык болгон жерден каза болду. Экинчи айдоочу жаракат алып, ооруканага жектирилди.

Ссылка: https://barometr.kg/zhol-kyrsygy-sokulukta-eki-unaa-szshp-ajdoochu-kaza-boldu-foto



Добавить комментарий