Жол куруп жаткан куруучулар айлык маянасын 3 айдан бери ала албай акыры иш таштоого чыгышты
Бүгүн, 31-октябрда Балыкчы-Корумду жолун куруп жаткан 50дөй жумушчу кайрадан иш таштоого чыкты. Аларга иш берген "Лонг-Хай" компаниясы тарабынан 3 айдан бери айлык маяна берилбей келген.
Жол жана транспорт министрлигинин басма сөз катчысы Кылыч Досумбетовдун айтымында, учурда маселе чечилип жатат.
"Азыр акча маселеси чечилип жатат. Жумушчуларга айлык маяна төлөп берүү үчүн тийиштүү документтерди дайындап, Каржы министрлигине өткөрүп берилгенден кийин акча которулат. Бирок дүйнөлүк практикада жумушчуларды иштеткен компаниянын өз акчасы болуп бюджеттен акча которулганга чейин айлык маяна төлөп берип туруусу керек. Бул компаниянын акчасы жок болуп жумушчуларга акча бере албай калып жатат", - деди Досумбетов.
Балыкчы-Корумду жолунун курулушу 2015-жылы башталып, ишти "Лонг-Хай" компаниясы аткарууда. Анда иштеген жумушчулар 2017-жылдын декабрында жана 2018-жылдын май айында да айлык маяналары берилбей жатканын айтып иш таштоого чыгышкан.
Добавить комментарий ×