Жол чырактарга кошумча белгилер жана секциялар орнотулду. Дагы кайсы көчөлөргө жакында камера коюлат? Тизме

23 февраля 2019 10:40 1534 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бишкек мэриясы "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол чырактарга кошумча секцияларды жана жол белгилерин орнотту. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Жол чырактарга кошумча белгилер жана секциялар төмөндөгү көчөлөрдүн кесилиштерине коюлду: 

  • 7-Апрель/Горький (кошумча секция, солго кайрылуу, түндүктөн түштүккө, 4 тилке);
  • Курманжан-Датка/Чүй (жол чырактар жылдырылып, кошумча секциялардын убактысы узартылды);
  • Чүй/Фучик (батыштан чыгышты көздөй экинчи тилкеден солго бурулуу).

Мындан сырткары, 2019-жылдын март айларында "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи бөлүгү ишке ашат. Анда онго жакын көчөлөрдүн кесилишине камералар орнотулат. 

Алар:

  • Бөкөнбаев/Манас;
  • Чүй/Манас;
  • Чүй/Павлов;
  • Жибек Жолу/Манас;
  • Махатма Ганди/Боталиев;
  • Жибек Жолу/Курманжан-Датка;
  • Ахунбаев/Байтик Баатыр;
  • Чүй/Абдрахманов;
  • Байтик Баатыр/Горький;

Белгилүү болгондой, баш калаада 12-февралдан тартып "Коопсуз шаар" долбоору иштей баштады. Учурда негизги көчөлөрдүн кесилишинде онго жакын камералар иштеп жатат. 



Ссылка: https://barometr.kg/zhol-chyraktarga-koshumcha-belgiler-zhana-sekciyalar-ornotuldu-dagy-kajsy-kchlrg-zhakynda-kamera-koyulat-tizme



Добавить комментарий