Жол четине токтоткон машинасын таппай калган. Милиция автоунааны айдай качкан кишини кармады

14 февраля 2020 13:13 798 Barometr
Поделиться в:
ok

Каракол шаарынын милциясы жол жээгинде токтоп турган автоунааны айдаай качкан кишини кармады. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 13-февралда Каракол ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылынын 40 жаштагы тургуну кайрылган. Ал саат 18.50 чамаларында «Ауди S4» үлгүсүндөгү автоунаасын Гагарин жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде калтырып, таанышына жолугуп чыккандан кийин аны таппай калган.

Ошол замат «Перехват» операциясы киргизилип, көрүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында Каракол шаарынын жол коопсуздугун көзөмөлдөө инспекторлору тарабынан изи сууй электе шектүү катары Каракол шаарынын 35 жаштагы С. А. аттуу тургуну кармалды.

Аталган факт Каракол ШИИБдин КЖБРна катталып, жазык кодексинин 206 (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Кылмышка шектүү катары кармалган адам Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочуу жайына баш коргоо чарасы кабыл алынганча 48 саатка киргизилди.

Ссылка: https://barometr.kg/zhol-chetine-toktotkon-mashinasyn-tappaj-kalgan-miliciya-avtounaany-ajdaj-kachkan-kishini-karmady



Добавить комментарий