Жогорку сот Текебаевдин жер участогу менен унаасын конфискациядан бошотту

3 мая 2019 13:54 1873 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш иши боюнча кабарлама таратты.

Аталган маалыматка таянсак, бүгүн Текебаев тууралуу анын жактоочулары Э. Джаныбеков жана Б. Осмонбаевдин  белгилүү саясатчыга карата жаңы ачылган жагдайлардан улам ишти кайра кароо боюнча арыздары каралды.

Эскерте кетсек, Биринчи май райондук сотунда 2017-жылы 16-августта Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновго карата Кылмыш кодексинин 303-беренесине ылайык иш козголуп, алар айыптуу деп табылып 8 жылга эркинен ажыратылган.

Бишкек шаардык сотунун 2017-жылдын 2-октябрдагы чечими менен Биринчи май райондук сотунун чечими өзгөрүүсүз калтырылган.

Өз кезегинде Жогорку Сот 2017-жылдын 21-ноябрында ишти карап, айыптар жана жазалар күчүндө калтырылган.

Бүгүн каралган иште мүлктү конфикациялоо бөлүгү алынды жана калган жаза күчүндө калтырылды.

Тактап айтканда буга чейин конфикацияланган Текебаевге таандык жер участогу жана “Волга” унаасы артка кайтарылды.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-sot-tekebaevdin-zher-uchastogu-menen-unaasyn-konfikaciyadan-boshottu



Добавить комментарий