Жогорку сот Карганбек Самаковго чыккан өкүмдөрдү жокко чыгарды

10 февраля 2021 11:13 2489 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку сот Жогорку Кеңештин экс-депутаты Карганбек Самаковго чыгарылган мурдагы өкүмдөрдү жокко чыгарды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 3-февралындагы токтому менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 19-декабрындагы жана Бишкек шаардык сотунун 2018-жылдын 1-июнундагы Карганбек Самаковго  чыгарган өкүмдөрү жокко чыгарылып, жазык иши жаңыдан кароого Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү”, - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Карганбек Самаков жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу боюнча шектелип 2015-жылы кылмыш иши козголгон. 2017-жылы ал 11 жылга эркинен ажыратылган. 2019-жылы жатак абакка которулган.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-sot-karganbek-samakovgo-chykkan-kmdrd-zhokko-chygardy



Добавить комментарий